Депутаттар массалык маалымат каражаттарын сырттан каржылоону чектегени жатышат

Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарын чет өлкөдөн каржылоону чектегени жатышат. Тийиштүү мыйзам долбоору учурда парламенттин кароосунда, тийиштүү комитеттен 1-окуудан өткөн. Долбоордо чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын, жарандыгы жок адамдардын массалык маалымат каражатынын үлүшүнүн 20 пайызынан ашыгына ээлик кылуусуна тыюу салуу каралууда. Депутаттар медиа мекемени каржылоодо купуя булактардан акча, мүлк алууга да тыюу салууну көздөп жатышат. Муну алар маалымат мейкиндигинин коопсуздугу менен байланыштырып жатышат. Мыйзам долбоору бүгүн парламенттин жалпы жыйынында каралмак. Бирок демилгечилер маселени кароого киргизбөөнү суранышып, талкуу артка жылдырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан