Бүгүн, 17-июнда Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда "Демократияны өнүктүрүү: Шайлоо өнөктүктөрүнүн тажрыйбасы, шайлоо жүрүмүндөгү мыйзамдар менен жаңы технологиялардын ролу" темасында эл аралык конференция өтүүдө.
Эл аралык иш-чарага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин парламенттик делегациялары, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен окумуштуулар катышууда.
Айта кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө "Бийликтин мыйзам чыгаруу органдарынын демократиялык коом институттарын өнүктүрүүдөгү ролу", "КМШ мамлекеттеринде демократиянын курулушуна 25 жыл: Сабактар жана келечек" сындуу парламентаризмди калыптандыруу жана парламенттик шайлоолорду жаңы шартта, жаңы нукта өнүктүрүү багытындагы бир катар баяндамалар угулмакчы.