Өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү сунушталды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июнда өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү. Анда өкмөт түзүмүн өзгөртүү жөнүндө сунуштар каралды.

Премьер-министр сунуштарды өкмөт мүчөлөрү колдоого алгандан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна жибергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн учурдагы түзүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр сунушталууда:

- Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;

- Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар менен толуктоо;

- Мамлекеттик байланыш агенттиги жана өкмөткө караштуу Электрондук башкаруу борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;

- Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу;

- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин функцияларын жер казынасын пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияны кошумчалоо жолу аркылуу кеңейтүү.

Бийликтин аткаруу бутагынын түзүмүнө киргизилүүчү өзгөртүүлөр штаттык санды көбөйтүүнү жана кошумча каржылоону талап кылбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан