Исландия курамасы Европа чемпиондугунун 2-турунда Венгрия менен 1:1 эсебинде тең ойноп, 1 упайга ээ болду. Беттеш 18-июнда Марсель шаарындагы "Велодром" стадионунда өттү.
39-мүнөтттө дарбазачынын кетирген катасынан улам исландиялыктар пенальти тебүү укугуна ээ болушту. Топту 11 метрлик соккуну Гилфи Тор Сигурдссон голго айландырды (40-мүнөттө). Ал эми венгриялыктар 88-мүнөттө эсепти теңеди. Гол исландиялык Биркир Мар Севарссон тарабынан киргизилди (автогол).
Азырынча венгриялыктар карамагындагы 4 упай менен тайпада 1-орунду ээлеп турат. Исландиянын карамагында 1 упай бар.