Өзгөн районунун Кош-Коргон айылындагы таштанды таштоочу жайдан адамдын жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, 19-июнда куткаруучулар тарабынан маркумдун жансыз денеси таштанды арасынан чыгарылып, соттук-медициналык экспертизага өткөрүлүп берилди. Учурда маркумдун өздүгүн аныктоо аракеттери жүрүп жатат.