Кыргыз Республикасынын райондук администрациялары, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары КРнын Малайзиядагы элчилиги уюштурган Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуу учурундагы билим берүү иш-чараларына мектептерден бирден окуучу тандап беришти. Бул иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын достук мамилесин чыңдоо, мектеп окуучуларынын кошумча билим алууга кызыгуусун арттыруу жана башка өлкөлөр менен мамиле курууга, алардын маданиятын үйрөнүүгө, чет тилдерди өздөштүрүүгө үндөө, ошондой эле кыргыз өлкөсүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жарнамалоо.
Аталган иш-чара 20-июлдан 26-июлга чейин Ысык-Көлдө Малайзиядан келген англис тил мугалимдери менен биргеликте өтөт.