Жогорку Кеңештин депутаты Мээрбек Мискенбаев "Кыргыз көмүр" ишканасын сотко бергенин 22-июнда парламент жыйынында билдирди. Депутат аталган ишканадагы коррупциялык схемаларды ачууга аракет кылганы үчүн өзү коррупционер аталып жатканын айтты. "Кыргыз көмүр" ишканасындагы коррупциялык иштерди ачам деп чымчыласам, мени коррупционер деп жатышат. Мен аларды сотко бердим", - деди депутат. Эгерде өзүнө карата айтылып жаткан дооматтар курулай жалаа экенин далилдей албаса депутаттык мандатын тапшырып берүүгө даяр экенин кошумчалады.
Айта кетсек, 21-июнда "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөсү Марипа Алыкулова өткөргөн маалымат жыйынында депутат Мээрбек Мискенбаевди мандаттан ажыратууну талап кылып чыккан. Анын пикиринде, "Кыргыз көмүр" ишканасы 2015-жылы Апрель окуясында жабыркагандарга жардам үчүн деп берген 2,3 миллион сомду депутат өз кызыкчылыгына пайдаланган. Марипа Алыкулова бул маселе боюнча чара көрүүнү талап кылып УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев менен КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго кайрылуу жолдогонун белгилеген.
Депутат Мискенбаев Фейсбуктагы өздүк баракчасы аркылуу Алыкулованын айткандарын төгүндөп чыккан.