Данияр Сыдыков Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 22-июнда президенттик аппараттан билдиришти.
Данияр Сыдыков 2015-жылдын июлунан бери Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы болуп иштеп келген. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинин өлкөнүн түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүн жетектеген.