SUPER.KG 10 жашта!

21-кылымда интернет гүлдөп-өнүгүп, күнүмдүк тиричилик, маалымат алуу мурункудан кыйла жеңилдеди. Ага чейин элдер музыка угуу үчүн магнитофонго, клип көрүү же маалымат алуу үчүн сыналгыга муктаж эле. Ал эми ой бөлүшүп, көөдөнүндөгү сырды бирөөгө айтып берүү үчүн ишенимдүү дос же ак кагаз менен калем жардамга чакырылчу. Ошондой күндөрдө ишке кирген SUPER.KG порталына быйыл 10 жыл болду. Портал бул аралыкта кассета түргөндөргө музыка табууну, музыкалык берүүнү саргара күткөндөргө клип көрүүнү жеңилдетти. Көйгөйү же айта турган ою барлардын пикирин бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түзүп, форум ишке киргизилди. Ошондой эле колдонуучулардын ыкчам кабар алып туруусун шарттап, "Соңку кабар" бөлүмү ачылды. Учурда порталдын колдонуучулары бармак башын кыймылдатуу менен гана маалымат алышат, клип көрүшөт, музыка угушат. Порталдын 10 жылдыгына карата урунттуу даталарга токтолмокчубуз...

Кыргыз жеринде ийгиликке жетишкен сайттардын айрымдары жаңылыктарга, кай бирлери
видеобаяндарга, дагы бири форумга басым жасап келет. SUPER.KG порталы болсо бардык тармактын "башын бириктирип", колдонуучуларына уникалдуу шарт түзгөн. Биздин сүйүктүү окурмандарыбыз бир эле учурда порталыбыздан форумга катышып, видео, тасма көрүп, жаңылык окуп, ыр угуп, көптөгөн кызыктуу маалыматтарды ала алышат.

2006-жыл. 28-март. SUPER.KG порталы иштеп баштады. Алгач анда "Супер-Инфо" гезитинин электрондук версиясы жайгаштырылчу. Чет жерде жашап, окуп, гезит сатып ала албаган кыргыз жарандарына бул көктөн издегени жерден табылгандай болгон. Ошол жылдын 29-декабрында сайтта "Суперстан" иштей баштаган. Кыргыз тилиндеги форум жаштардын ой бөлүшүүсүн шарттап, чет жерде жашаган кыргыз жарандарынын өз ара алакасын камсыздады.

2008-жыл. 23-апрель. SUPER.KG порталы "Медиа-портал" менен толукталган. Бул маалда кыргыз эстрадасында жаңы жылдыздар пайда болуп, көп ырлар жазылып, байма-бай клиптер тартылып баштаган. Албетте, анын баары порталга жайгаштырылган.

2008-жыл. 21-октябрь. "Медиа-порталда" популярдуу клиптердин СуперХит сынагы старт алган. Ушул эле жылы "Супер ТВ" бөлүмү иштеп баштаган. Бул бөлүмдүн кызматкерлери эксклюзивдүү видеобаяндарды, пайдалуу кеңештерди сунуштап, өнөрпоз, саясатчы, спортчулардан баштап түрдүү кесип ээлерине микрофон сунуп келишет.

2010-жыл. 24-апрель. "Медиа-порталда" "Элдик видео" бөлүмү ачылды. Бул бөлүмдө ар бир колдонуучу өзү каалаган видеолорду жүктөп келет.

2011-жыл. 28-июнь. Порталда "Жылнаама" бөлүмү ишке кирди. Анда дүйнөдө жана кыргыз жеринде, жакынкы жана алыскы тарыхтагы урунттуу окуялардын күндөрү, атактуулардын туулган жана каза тапкан күндөрү так көрсөтүлгөн.

2011-жыл. 26-октябрь. Порталдын колдонуучулары окуп, көрүп, комментарий жазып гана тим болбостон, ойноо мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту. Бул күнү "Оюндар" бөлүмү ишке кирди. Мезгилдин өтүшү менен порталда кызыктар арбып баратты.

2012-жыл. 17-апрель. Акырындык менен мобилдик интернетке суроо-талап өсө баштады. Сайттын мобилдик версиясы иштелип чыгып, колдонуучуларга "Медиа-порталдан" ыр угуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

2012-жыл. 24-октябрь. Маалыматтын казаны кайнап, күч алган кезде "Соңку кабар" бөлүмү ишке кирип, алгачкы кабар жазылды. Бул бөлүмгө кыргыз жеринде жана чет жерде катталган актуалдуу, кызыктуу жаңылыктар жайгаштырылат. Журналисттерибиз өнөр ээлери менен спортчулар, коомдогу жана саясий чөйрөдөгү актуалдуу окуялар, үрөй учурган кылмыштар тууралуу жаңылыктарды жазып, сунушташат.

2014-жыл. 2-май. Акыркы жылдары кыргыз жеринде жаш режиссёрлор боор көтөрүп, тартылган тасмалардын саны арта баштады. Мындан улам SUPER.KG порталы "Кинозал" бөлүмүн ишке киргизип, кино сүйүүчүлөрүнүн күнү тууду. Жарык көргөн тасмалар порталга жүктөлүп, колдонуучулар үй кинотеатрына ээ болгондой эле болушту. Бул бөлүм үй кожойкелеринин, кары-жаштын ынак досуна айланды.

2014-жыл. 2-декабрь. Портал бир учурда сайтка киргендердин саны боюнча жеке рекордун жаңылап, 15 мүнөт ичинде сайтка 35 710 колдонуучу баш бакты.

2015-жыл, 2-апрель. “Соңку кабар” бөлүмүндөгү “Элдик кабар” рубрикасы борборго тиешелүү деңгээлде жаңылык жеткире албаган айыл элин, чет жерде жүргөн мекендештерибизди жана жалпы окурмандарына маалымат бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түздү. “Элдик кабар” учурда эл ичиндеги көйгөйлүү маселелерди район, облус жетекчилерине, өкмөткө жеткизүүгө шарт түзүп, буга катар мекендештердин алгылыктуу, үлгүлүү иштерин коомго көрсөтүүдө. Муну көз жаздымда калтырбай, порталыбыз ар ай сайын жеңүүчүнү аныктап, заманбап смартфон менен сыйлап келет.

Бүгүнкү күндө SUPER.KG порталы элдин үнүн бийликке, бийлик үнүн элге жеткирген көпүрө болуп калды. Колдонуучуларыбыздын саны 2014-жылы 40 миңден ашса, бүгүнкү күндө 76 миңден ашат. Бир айда сайтыбызга 32 миллиондон ашуун кароо болот. Бул профессионалдардан турган команданын гана эмес, кыргыз тилдүү элибиздин жетишкендиги деп эсептөөгө болот.

Биз сыймыктануу, мактануу менен сөз кылып келген туруктуу окурмандарыбыздын, өнөктөштөрдүн ишенимине ээ болдук. Биз жылына 365 күн, айына 30, аптасына 7 күн, суткасына 24 саат кызмат көрсөтүүнү улантабыз жана бул бийиктик биз үчүн чек эмес экенин белгилегибиз келет...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
Uhtishka.
2016-06-23 22:49:27
Кут болсун 10 -жаш курагынар !
0
Myrza.
2016-06-23 22:53:22
Кут болсун сенин туулган кунун!
Куттуктап сени жаздым мен бугун!
Super.kg Алга.kg
+1
Qnet
2016-06-23 23:02:46
Куттуктайбыз!Кызыл килем менен аябай чон бир концерт уюштурунуздарчы!
0
Milana.
2016-06-24 00:37:09
Куттуктайм алгааааа
0
Askarbek15
2016-06-24 00:44:02
куттуктай
0
Usow
2016-06-24 07:03:39
Дагы да ишинерге терен ийгилик каалаймын супер инфо мезгилден артта калбаныз
0
sezim_osmonalieva111
2016-06-24 07:31:35
Куттуктайбыз
0
yasmina_kg
2016-06-24 20:43:15
Жузго чыксын жашынар,жабылбасын сайттынар.
0
Aisuluu160790
2016-06-24 22:51:21
супер инфо куттуктайбыз
0
Asema06
2016-06-26 02:34:17
Куттууктайм))) Алгааааа
0
aijan
2016-06-28 17:47:54
Чын дилден куттуктайм!
0
Kanat.kg
2016-06-29 19:36:12
Куттуктайбыз! 10 жаш курагыныздар кутту болсун!
0
dastan_nookat
2016-07-06 15:11:38
Alga SUPER.KG!
0
janaraMK090911
2016-07-28 13:47:54
Куттуктайм Супер Инфо!!!!! менин суйуктуу гезитим!!!!!!Чон концерт бериниздерчи
0
NURDANCHIK
2016-07-29 14:45:08
Куттуктайм 10 жашыңар менен, сиздерге ийгилик жана ден-соолук.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан