Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы мүчөлөрүн шайлады. Шайлоо жашыруун түрдө өтүш керек болчу, бирок депутаттардын сунушу менен БШКнын мүчөлөрүн шайлоо ачык электрондук түрдө өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында сунушталган 12 талапкердин баары керектүү добуш топтошту.
Айта кетсек, президент тарабынан 4 талапкер көрсөтүлгөн. Алар:
- Алмаз Асаналиев;
- Гүлнара Баатырова;
- Бахтияр Кадыров;
- Нуржан Шайлдабекова.
Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнө кирген фракциялары сунуштаган 4 талапкер:
- Акылбек Бешимов, ("Кыргызстан" фракциясы сунуштаган);
- Гүлнара Журабаева, ("Ата Мекен");
- Назарали Арипов, ("Өнүгүү-Прогресс");
- Адилет Сатыгулов, (КСДП).
Жогорку Кеңештин коалициялык азчылыгына кирген фракциялары сунуштаган 4 талапкер:
- Атыр Абдрахматова, ("Республика-Ата Журт");
- Елена Жылкычиева, "Республика-Ата Журт");
- Абдыжапар Бекматов, "Бир бол");
- Кайрат Осмоналиев, ("Бир бол").