Бишкек шаарындагы Фрунзе менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинин жанындагы 12 кабаттуу имараттын чатыры өрттөнүп жатат. Азырынча өрттүн эмнеден чыкканы белгисиз.
Учурда Өрт өчүрүү кызматынын өрт өчүрүү тобунун унаасы окуя болгон жерге келди.
Өрт чыккан көп кабаттуу үйдө жашоочулар толугу менен жайгаштырылган эмес. Төмөнкү кабаттарындагы кеңселер ижарага берилгени маалым болду.