Өзбекстандын Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовдун эки тараптуу жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыялап, бирок өлкө башчылары эмне тууралуу пикир алмашкандыгы тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Айта кетсек, Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин 23-24-июнь күндөрү өтчү 15-саммитине катышат. Саммиттин жыйынтыгында 11 документке кол коюлуп, өлкө башчылары аймактагы коопсуздук маселесин талкуулашмакчы.
Шанхай Кызматташтык Уюмуна Кыргыз Республикасы, Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.