23-июнда Бишкектеги Фрунзе-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги өрт кырсыгы өрт коопсуздугунун сакталбаганынан улам келип чыккан. "Borsan Construction" ишканасы курган бул үйдүн тургундары оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканда этияттык кылышкан эмес. Эч ким жаракат же күйүк алган эмес, учурда аталган ишкана жашоочуларга акчалай жардам көрсөтүүдө.
Бишкек ШИИББи тараткан билдирүүдө өрт 13-кабаттагы батирлердин биринде башталганы айтылат. "Жашоочулар айтып беришти, саат болжол менен 20:00дө бир нерсенин жарылганы угулган. Андан кийин ошол оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан батирдин терезесинен түтүн чыгып баштаган", - деп жазылат шаардык милициянын билдирүүсүндө.