Бүгүн, 27-июнь - Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын кабыл алынган күн. 2010-жылкы бийлик алмашуудан кийин өлкөдө Баш мыйзамдын жаңы үлгүсү даярдалып, документ 2010-жылдын 27-июнунда референдум аркылуу кабыл алынган. Өмүрбек Текебаев башында турган конституциялык кеңешме тарабынан иштелип чыгып кабыл алынган Баш мыйзам 9 бөлүктөн, 114 беренеден турат. Башкы юридикалык документ "2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт" деген жобо менен кабыл алынган.
Баш мыйзамдын негизги авторлорунун бири Текебаев жаңы Конституция өзүнүн тарыхый, саясий миссиясын аткарганын жана аткарып жатканын айтып келет. Башкысы, өлкө бүгүнкү күндө парламенттик демократияны өнүктүрүү жолунда баратат, мамлекеттик башкаруу системинде салыштырмалуу ачык-айкындык орноду.