Ысык-Көл районунда жаштар арасында массалык мушташ орун алды. Окуяга күбө болгон жаран бул тууралуу SUPER.KG'ге 27-июнда кабарлады. Күбөнүн айтымында, Григорьев жана Кашат айылдарынан чогулган 100 чакты бала Григорьев капчыгайындагы жер үлүштөрүн талашып урушушкан. Окуя 26-июнь күнү орун алган. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы кырдаал көзөмөлгө алынып, учурда баары тынч экенин билдирди.