Евро-2016: Исландия чемпиондукка башкы талапкерлердин бири делген Англияны утуп, чейрек финалга чыкты (фоторепортаж)

Англия-Исландия - 1:2

Голдор: Уэйн Руни (4-мүнөттө, пенальти) - Рагнар Сигурдссон (6-мүнөттө), Кольбейн Сигторссон (18-мүнөттө).

Франциядагы Европа чемпиондугунда чемпиондукка башкы талапкерлердин бири катары эсептелген Англия курамасы мелдештин эшигин жапты. Англиялыктар 28-июнга караган түнү Исландия курамасына каршы туруп, утулуп калышты. Ницца шаарындагы "Стад-де-Нис" стадионунда өткөн беттешке 33 901 көрүүчү күбө болуп, оюн 2:1 эсебинде аяктады.

Англиялыктар биринчи болуп эсепти ачышты. Гол 4-мүнөттө киргизилсе, адатта көп командалар оюнга кайтып келүүдө чоң көйгөйдү баштан өткөрүшөт. Бирок Исландия курамасы алардан айырмаланып, 2 мүнөттөн кийин эсепти теңеди. 12 мүнөттөн кийин болсо эсеп катыштыгында алдыга чыгышты. Исландиялыктардын коргонуусун жарып кирип жатканы менен, Англия эсепке өзгөртүү киргизе алган жок.

Жыйынтыгында Англия мелдештен четтесе, Исландия чейрек финалга чыккан 8 команданын катарын толуктады. Курам 3-июлда Франция менен беттешмекчи.

Чейрек финалдагы атаандаштар:

30-июнь. Польша-Португалия

1-июль. Уэльс-Бельгия

2-июль. Германия-Италия

3-июль. Франция-Англия/Исландия

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aianaaiana
2016-06-28 09:39:48
Испания англия үйүнө кетти
0
FIRDAUS
2016-06-28 10:30:26
Мына Эми Руни и Ко дагы туйунчокторун туйушту кайдагы бир Исландияга утулуп
0
Bolotmyrzaa
2016-06-28 11:10:54
Португалияга жан тартуудамын,бирок башкы фавориттер бир-бирине каршылаш ойногону жакшы болду Италия-Германия
+1
sportsmen.boy
2016-06-28 11:43:18
Германия да оной эмес, ал мыктынын мыктысы. Бирок Италия абдан кыйын. Италия женет буйруса!
-1
arawan
2016-06-28 11:59:18
исландия эми француздарды утуп алса чемпион болгондой эле болот болуш керек
0
tashi62
2016-06-28 12:40:50
Исландия азамат экен калкынын саны миллионго жетпесе да ушунчалык деңгээлде ойногону .
0
rukopashnik
2016-06-28 13:53:57
исландиянын 500 миң эле калкы бар экен,футболдун өнүккөнүн кара...
0
Ashygym
2016-06-28 17:39:03
Германия Чемпион буюрса
0
KaiMak
2016-06-28 22:28:24
Баазара нет... Германия же Франция чемпион болот.
-3
KaiMak
2016-06-29 03:10:50
Да пусть Порту Польшанф утуп пол финалга чыгып Уэльстен же Белгиядан кагылат созсуз. Европанын чемпиону болгон эмес ал. Болсо дагы мындай етап менен боло албайт. катуу тийсе сорян го атак :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан