Аргентинанын президенти Маурисио Макри футболчу Лионель Месси менен телефон аркылуу сүйлөшүп, "улуттук курамга ойнобойм" деген пикиринен кайтуусун суранды. Өлкө башчысы өз сөзүндө курамдын "Америка Кубогу-2016" мелдешинде көрсөткөн жыйынтыгы менен сыймыктанарын билдирди.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, Леонун дарегине колдоо иретинде сөз сүйлөгөндөрдүн катарында легендарлуу футболчу Диего Марадона да бар. "Улуттук курам багынбай турган футболчулардан түзүлүшү керек. Сындар дайыма айтылып келген, айтыла берет, андыктан Месси өзүн колго алып, 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунда ийгилик жаратууну максат кылышы керек", - дейт Марадона.
Кошумчалай кетсек, Аргентина курамасы "Америка Кубогу-2016" мелдешинин финалында пенальтилер сериясында Чилиге утулуп калды. Аргентинанын курамында пенальтиде жаза баскан 2 футболчунун бири Месси болду. Оюндан кийин футболчу улуттук курам үчүн ойноону токтоторун жар салган.