Аксы районунда паспорттон "улуту" деген графаны алып салуу демилгесине каршы жана Үңкүр-Тоо маселеси боюнча митинг өткөрүлөт

Аксы районунда паспорттон "улуту" деген жазууну алып салуу демилгесине каршы жана Үңкүр-Тоо маселеси боюнча митинг өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда SUPER.KG порталына "Эл үнү" коомдук-саясий кыймылынын Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Жанарбек Надырбеков билдирди.

"Митингде беш маселени көтөрүп чыгабыз. Алгач чек ара меселеси, "Үңкүр-Тоо", "Кумтөр" кени жана өлкөдөгү башка кендер маселеси, паспорттогу "улуту" деген графаны алып салууга каршы ойлор айтылат, Токтогул суу сактагычындагы суу, электр энергиясы жаатында 700 киловатт-сааттан ашкан төлөмдү алып салуу талаптары коюлат. Мындан сырткары социалдык маселелер да көтөрүлөт. Митинг ушул жылдын 12-июлунда Кербен шаарында өтөт", - деди Надырбеков.

Белгилей кетсек, буга чейин 2016-жылда Аксы районунда чек ара жана социалдык маселелер туурасында бир канча жолу митингдер өткөрүлүп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Malik92
2016-06-29 12:58:27
Азаматсынар Аксылыктар чыныгы патриотсунар колдойм силерди. Бийликтегилер дуйного туркук болушпайт, бул кылгандары учун жооп беришет.
+16
Rifle_S
2016-06-29 13:16:16
Malik92,минус баскан чыккынчылар деп билебиз. Улут деген графа калсын !
+13
Urmat_83
2016-06-29 13:02:31
Кыргыз деген ат жок болуп кетет го алып салса.Улутту жазыш керек паспортко
+17
stimyl.kg
2016-06-29 13:15:15
Азаматсынар Аксылык туугандар. Ушул убакка чейин тузугуроок эчкимиси ун ката албады эле паспорт чуусуна. Кыргызсынбы кыргыз деп жазылып турганга тийиш. Бул жерде башка улуттарга баш которууго кыргыз мамлекетин каалагагдай тескоого гана жол ачылат эгер улуту деген жерин алып салса.
+13
Rifle_S
2016-06-29 13:19:01
1992-2010-2018.
Бул 2018-жылга стимул берилип жатабы ?
-2
Rifle_S
2016-06-29 13:18:15
Жогорку Ке6ешке арыз түштүбү бирөөдөн "паспорттогу улут деген графа тоскоолдук кылып жатат, же ашыкча, же көз өйкөп жатат" деп ?
Кыргыз деген жазуусу менен сыймыктанам . Кудай буйруп кыргыз деп жазылган. Улутту алып салам дегендер ала берсин, мен алдырбайм .
+2
salimbek87.kg
2016-06-29 13:23:40
Улуттун жазыш керек паспортко бизде деле лейлекте эл наразы ошол улуту жазылыш керек деп менимче жалпы кыргыз эли наразы болуш керек.Ушул убакка чейин кандай болсо ошол бойдон калтырбайбы паспортту .
+5
Uragan07
2016-06-29 13:30:47
Кыргыз деген жазууну биз жазбасак анан ким жазат. Орустар же казактар же озбектер жазабы
+6
Bahira
2016-06-29 13:32:00
Улуту албетте жазуулуга тийиш эмне себептен алынышы керек тооба
+3
aruuzat.ariet
2016-06-29 13:42:58
Аксыда озбектерди ишке алышпайт ишке алаарда паспортту текшерип анан алып жатышат себеби Озбекстанда кыргыздарды ишке албайт экен.
+8
Kyrgyz-aiym
2016-06-29 13:49:17
Паспорттогу КЫРГЫЗ деген жазууга тийбей эле озбектерге паспорт жасап сатып, арам акча таап жаткан адамдарды токтотуунун аракетин кылгыла урматтуу жылуу жумшак креслодо отурган жепжутаттар.
+6
Rulik
2016-06-29 14:05:11
Хохолдордон уйрондунорбу улутту алып салуну пазор биздин жождорго....
+4
Ago
2016-06-29 14:06:32
Атамбаевди КЫРГЫЗ деген алты тамга жок кылат акыры.ХХХ ХХХ ХХХ
+2
admin_portal
2016-06-29 15:29:10
Ago, провокацияга жол жок! Эскертүү!
-2
Labadax
2016-06-29 14:27:28
Аксылыктар азамат патриотсунар,мени да кыжаалат кылган паспортко КЫРГЫЗ дегенди жазбоосу эле.Эмне учун Кыргыз болуп кыргыз деп жазгандан уялабыз.Президент ушул нерсени билет бекен,же коз кыстым кылып жатат бекен.Оо калайык калк Кыргыз элим ойлонойлучу,ушул паспортко Кыргыз экенибизди Кыргыз деп жазбаса анда эч бирибиз паспорт албай эле коёлу.Эмне кереги бар жонокой (книжка)баракчанын.
+3
nemo2016
2016-06-29 15:16:46
Сарпашев сенида Акаев бакиев кеткен жака кетириш керек болуп калган окшойт
+2
KGstan1981
2016-06-29 17:13:51
Эгерде паспорто улуту деген графаны алып таштаса анда кытайларга жагымдуу кабар б-т алар массалык турдо биздин паспорду сатып алышып кыргыз кыздарына уйлоно башташат кытай жээндер кобойо башаташат.Бул аябай олутту маселе бул митингке бир гана Аксылыктар эле эмес бардык Кыргызстандыктар чыгыш керекпиз.Азыр ансыз дэле Кыргызстанда кытай,турк куйо балдар жана жээндер кобойуп кетишти.
+3
Istina1000
2016-06-30 00:22:28
Эххх, оюн таппаган бала болуп жатышат го э
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан