Учурда Бишкек шаарындагы "Демир банктын" алдында 200гө чукул адам митинг өткөрүүдө. Митингге чыккандар - "Эркин заман" турак жай курулуш кооперативинин мүчөлөрү жана ал аркылуу үй алууну көздөгөн тургундар.
Кооперативдин мүчөсү Таалайбек Молдалиевдин айтымында, алар Кытайдан 10 миң адамга турак жай салууга инвестор таап, аталган банк менен иштешүү тууралуу сүйлөшүшкөн. Бирок банк алар менен иштешүүдөн баш тартып, башка банктар менен да иштешүүгө тоскоолдук жаратышкан.
"Инвестор тапканбыз, банктык эсеп ачышыбыз керек болгон. Бул банкка келип "10 миң адамды тейлей аласыңарбы?" деп сурасак, ооба дешкен. Үч сааттан кийин кайра иштешкенден баш тарта башташты. "Улуттук банктан кагаз келди, силер менен иштеше албайбыз. Банктык эсептеги акчаңарды бүгүн алып кеткиле, болбосо ала албай каласыңар" дешти. Башка банктарга да бардык, баары тең иштешүүдөн баш тартышты", - дейт Молдалиев.
"Бардык банктарга биз тууралуу "иштешпегиле, алар алдамчылар" деп жамандашыптыр. Кытайдагы сүйлөшүп койгон инвесторлорго чейин телефон чалышыптыр", - деп кошумчалады кооперативдин мүчөсү.
"Өзүбүздүн жерибизде өзүбүздүн үйүбүз жок. Акчага көпкөндөр ар кандай ушактарды таркатып, 10 миң адамдын үмүтүн кармап жатат бул банк", - дейт митингдин катышуучусу Алапай кызы Мариам.
Учурда митингди 30дан ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөөдө.