Боом капчыгайында кайрадан ылай аралаш суу жолду каптады

Боом капчыгайында кайрадан ылай аралаш суу жолду каптады. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-июль күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 142-144-чакырымдарын суу каптаган. Учурда ылай аралаш суунун калдыктарын тазалоо иштери жүрүп жатат. Азырынча жолдун бир тарабы ачык. Экинчи тарабы бүгүн түштөн кийин ачылат.

Айта кетсек, 1-июль күнү да аталган жолду суу каптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ekaterinburg
2016-07-04 14:32:23
Граммотно кылышса болмок да ошол жолду.Эми мынантип канчалаган мээнет,убакыт,акча кеткен жолду эки кун жааган жамгыр бузуп таштамай болду!Эптемей жашоо иши кылып...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан