Түркия президенти аэропорттогу жардырууну уюштурууга шектелип кармалгандардын арасында кыргыз жарандары да бар экенин айтты

"Стамбул шаарындагы жардырууну уюштурууга шектелип кармалгандардын арасында Тажикстан, Дагестан жана Кыргыз Республикасынын жарандары бар". Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган айтканын 5-июлда түркиялык ММКлар жазышууда. Анын айтымында, жардырууну "Ислам мамлекети" тобу уюштурган. Шектелип кармалгандардын саны 30 адамга жеткенин белгиледи.

Түркиянын маалымат булактары 3-июлда Стамбулда “Ислам мамлекети” тобу менен байланышта болгон” деп шектелип 2 кыргыз жараны кармалганын кабарлашкан. "Алардын сумкасынан аскер кийими, дүрбү жана 3 кыргыз паспорту, туулгандыгы тууралуу күбөлүк табылган. Шектүүлөр камакка алынышты", - деп айтылган маалыматта.

Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Түркиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 22:00 чамасында "Ататүрк" аэропортундагы эл аралык каттамдар терминалында эки жардыруу орун алган. Ошондой эле аэропорттун унаа токтотуучу жайында атышуу болгон. Анын кесепетинен каза болгондор 43кө, жаракат алгандар 147ге жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Rasul1987
2016-07-05 15:16:23
Айттың го дадиң!
-2
zhykyo
2016-07-05 15:30:59
Кыргызмын деп жамынгандар кобойду .Кытайдада кармалды беле
0
Jazi89
2016-07-05 15:50:50
Дагы бир улутта кыргыздын паспорттун сатып алып кыргызды жаманатты кылды да ,биздин чондор чала силерге кобурок саткыла паспортту
+4
flow23
2016-07-05 16:34:43
Ушуну кыргызстандан деп айтпай эле койсо болмок, а хотя турокторга Ким ишенет эртен кайра эки суйлойт. Айласы куруганынан россияга чоголодубу. Кыргызстанга туристтер коп келе баштаганынан конкурент коруп дуйного жаман коргозгону бул турок эрдогандын
+6
BarsBaatyr
2016-07-05 16:59:09
Улуту деген графаны алгандан кийин коросунор али.Кыргызстандык деп жаман коруно беребиз.Кыргыздардан экстремист болгондор саналуу эле.Кобунчосу Озбектер.Улуту жазылсын,билсин башкалары дагы кайсы улуттан экенин.
+7
aziziko
2016-07-05 18:36:58
Бостондо марофон учурунда жардыруу жазаган эки бала кыргызстандык уйгур бир тууган ага инилер экен . Жардыруу болгондо досторумдун баары чалып баштады сен Кыргызстандыксын да жардыргандар Кыргызстандын жарандары экен деп ошондо мага аябай катуу тийген иштеген жеримдеги канадалыктар кыргыздарда террорист экен деп ойлоп калышкан . Уйго келип жанылыктарды кутуп отурсам жардыргандар Кыргызстандын жарандары деп мен которуп жургон кок паспортту корсотушту аябай жаман болгом
+3
tynara81
2016-07-05 19:28:57
Ушуларды угуп, паспорт саткандардын бети кызарат бекен... Жоок, алардын бетин акча катырып салган.
0
Abdyrawit
2016-07-05 21:16:43
Эмне эле кайра кайра Кыргыз жараны деп жатышат. Орусиянын телеканалдары да так маалыматы жок эле кыргыз жарандары деп салды го.Ислам мамлекети уюштурган деп койсо болбойбу... Бизде жакында мыйзам кабыл алынат. Террорчулардын жарандыгын жокко чыгаруу деген...
0
mishonia8077
2016-07-06 01:23:39
Кыргызстандын паспортун онго солго сатып атып мына жаманатты болуп атабыз.
+1
mishonia8077
2016-07-06 01:28:09
Иии-иий чиновниктер кара жандар алтындар адамды куйгузосунор даа акча дегенде эмне болоор экенсинер.Аман эле болгулачы.
0
kona_bmw
2016-07-06 01:42:53
Мен Стамбулда жашайм, мага да иштеген жеримден баары айтышты кыргыз жараны экен деп :( бирок улуту озбек го, озбек улутундагы кыргыз жарандары толтура Стамбулда, биздикилер аларды жашырып, ким экенин айтпай коруганды уланта берсе жакында афганистан болуп калабыз го...
+2
limuna
2016-07-06 03:57:16
АША братанына бирдеме де биягы чатак го
+1
perichte
2016-07-06 11:22:38
Паспорт менен бизнес жасагандын жыйынтыгы мына!!!Кылмыш жасагандардын баарынын паспорту кыргыз, озу башка улут!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан