Кечээ, 4-июлда болжол менен саат 12:30дарда Бишкектеги Чоң Чүй каналына чөгүп жаткан жаранды көргөн "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери Айдарбек Мамытов менен Жайлообек Жусупбеков аны куткарууга аталган каналга түшүп, өздөрү чөгүп кете жаздашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Айдарбек Мамытов бүгүн, 5-июлда билдирди.
Айдарбек Мамытовдун айтымында, кесиптеши экөө Лермонтов көчөсү менен бара жатканда жардамга чакырып, чөгүп жаткан адамды көрүшкөн. Алгач "Тез жардам" кызматы менен куткаруучуларга байланышып, алар келгиче кеч болот деген ойдо куткарып калууга аракеттенишкен.
"Куткаруучуларга телефон чалсак, алар 20 мүнөттөй убакытта келишерин айтышты. Ага чейин чөгүп кетет деп, куткаруу үчүн сууга секирдик. Бирок суунун агымынын ылдамдыгы жогору болуп, өзүбүз чөгүп кете жаздадык. Суу бизди агызып бара жатканда кесиптешим дарактын бутагын кармаганга үлгүрүп, мени да кармап калды. Бакай-Атадан гана араң жээкке чыктык. Чөккөн адам кыймылдабай агып бара жатканын көрдүк. Суунун жээги менен чуркап барып, бутактар көп болгон көпүрөнүн астына туруп аны кармадык. Жээкке алып чыгып, жасалма дем алдырганга аракет кылдык. Тилекке каршы, куткара албай калдык", - дейт Мамытов.
"Бизди жумушубузда биринчи жардам көрсөтүүгө үйрөтүшкөн, андыктан жасалма дем алдыруу менен куткарып калабыз деп ойлогонбуз. Эгер чөгүп жаткан адамды көрсөңөр, дароо тиешелүү жакка чалып, куткара турган болсоңор, колуңарга узунураак бутак алып алууну сунуштайм. Себеби чөгүп жаткан адам өзүн жоготуп, силерди кармап, чогуу чөктүрөт. Колуңардагы бутакты карматып жээкке чыгарсаңар болот", - деп кошумчалады Айдарбек Мамытов.