Стамбулдагы жардыруу боюнча 17 адамга айып тагылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда түркиялык басылмалар жазып чыгышты.
Түркиялык басылмалардын маалыматына караганда, сот күбөлөрдүн көрсөтмөсүн, видеожазууларды жана телефон сүйлөшүүлөрдү карап чыгып, 17 адамды кармоо чечимин чыгарган. Алардын он бири Орусиянын жараны. Аларга "Ататүрк" аэропортунда болгон жардырууга катыштыгы бар" деген айып тагылууда.
Ал эми кечээ Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жардырууга катыштыгы бар делип кармалгандардын саны 30га жеткенин жана алардын арасында Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын, Орусиянын жарандары бар экенин айткан.
Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Түркиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 22:00 чамасында "Ататүрк" аэропортундагы эл аралык каттамдар терминалында эки жардыруу орун алган. Ошондой эле аэропорттун унаа токтотуучу жайында атышуу болгон. Анын кесепетинен каза болгондор 43кө, жаракат алгандар 147ге жеткен.