Бишкек-Ош унаа жолунда жеңил унааны таш басып калып, айдоочу жана 1 жүргүнчүсү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында орун алган. Анда Форд Фокус үлгүсүндөгү унааны чоң таш басып калган. Унаада 3 адам болгон, 1970-жылы туулган М.Ильичбек аттуу айдоочу оор жаракаттан улам унаанын ичинен каза болгон. Анын 1972-жылы туулган М.Айжан аттуу аялы жеңил жаракат алып, ал эми 1996-жылы туулган Ж. к. Гүлбара аттуу келини Токтогул райондук ооруканасынан каза болуп калган.