Турмуштун оор соккусуна кабылып, жан үрөп иштеп, майып баласынын кареги менен чарк айланган эненин көз жашынын сырын билүүгө аракет кылдык.
Таттыгүл Шамиева 1982-жылы туулган. Алай районунун Жошолу айыл аймагынын тургуну. Ал алгач турмушка чыгып, бактылуу жашап жаткан. Эки кыздуу болгондо жолдошу менен түшүнбөстүктөн улам ажырашып, борборго баса берген. Көпчүлүктүн агымы менен иштеп жүрүп экинчи жолу турмушка чыккан. Учурда "Ош базарда" кийим сатып, жума күндөрү кайыр сурап жашоосун өткөрөт. Ал эми жолдошу базарда картошка, пияз алып сатат.
"Жолдошум бала жытына зар болуп, "уулум төрөлсө моокумум кангыча жыттайм" деп айтып жүрчү. Бирок анын тилектери арман болуп, аны кайгыга салды. Анткени уулубуз башында суусу бар болуп төрөлүп калды", - деп билдирди Шамиева.
"Ыйладык, өкүндүк, арман кылдык, айла жок тагдырга баш ийдик. Белди бекем бууп балабызды дарылатканга аракет кыла баштадык. Айылдагы бак, короосу бар үйүбүздү сатып ооруканаларды кыдырып дарылаттык. Эч кандай жыйынтык болгон жок. Жадакалса "уулуңар жашай албайт" деп ооруканадан чыгарып беришти", - деп кошумчалады каарманыбыз.
Таттыгүл айым саламаттыкты сактоо министринин (ред. - Талантбек Батыралиев) кабинетине барып жардам сурап кайрылып, министрлик гуманитардык жардамга келген дарыдан берерин айтып, "мындан ары акча сурап келбегиле" деп кабинетинен кубалап чыкканын айтууда.
Кадырбек Арзыбаев 5 жашта. Анын кареги тунук, көздөрү ачык болгону менен, ал төрөлгөндөн бери жарык дүйнөнү көргөн эмес. Өз алдынча отуруп тамак жей албайт, сүйлөй албайт. Кадырбекке угуу мүмкүнчүлүгү гана берилген. Энеси 5 жылдан бери жанынан карыш жылбай карап келет. Жолдошунун жана анын туугандарынын "Кадырбекти балдар үйүнө берип сал" деген кеңешине уулун кыя албай өзү карайт.
Көз жашын төгүп ыйлаган эне уулуна кымбат баадагы дарыларды сатып берип, тапкан каражаты дарыга жумшалып, жашоосу улам аркага кете баштаган. Ар бир дарысын 2300 сомго сатып алып, анысы 10 күнгө гана жетерин айтууда.
"Баламдын кыйналып жатканын көрүп жолдошум чыдабай 4 ай мурда 1 ай дайынсыз болуп жоголуп кетти. Көрсө, Орусияга кетип калган экен. Кайра келди. Биздин кыйналганыбызды көрүп, өзүмдүн апам жакында баламды карашууга жардамга келди. Айылда мурунку турмушумдан 2 кызым бар. Аларга жөлөк пул беришпейт. Апасы айылда жашабайт экен деп мурда берилип жаткан жөлөк пулду токтотуп коюшкан", - дейт Шамиева.
Таттыгүл айым баласынын майыптыгы боюнча мамлекеттен 3 миң сом пенсия алат. Жашоо татаал болуп турган чакта 1 сомго да зар болуп кыйналып жатканын айтууда. Айласы кеткенде 5-июнда "Жеңиш" аянтында окулган Айт намазынан кийин кайыр сураганы чыккан. Бул күнү кайрымдуу адамдар жардам кылып, 2 миң сомго жакын акча тапкан. Ал акчага уулуна дары сатып берген.
Уулунун майып болуп төрөлүп калышына күйөөсүн күнөөлөйт, анткени анын канынан белгисиз оорунун вирусу табылган. Аны дарылоого жыл сайын 30 миң сом каражат сарпташат. Кайрымдуу адамдар жардам колун сунса Таттыгүл айым баш тартпасын айтат.