Жыргалбек Саматов: "Орусиянын жарандыгын эч качан алган эмесмин"

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында "депутат Жыргалбек Саматовдун кош жарандуулугу бар" деген негизде аны депутаттык мандатынан ажыратты. Саматов Орусиянын жарандыгын албагандыгын жана эч качан Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкпагандыгын белгиледи.

Орусиянын жараны эместигин далилдөө үчүн ал Татарстандын сотуна кайрылганын кошумчалады. Татарстандын соту бул ишти ушул жылдын 14-июлунда карамакчы. "Менин жарандуулугум боюнча маселе 2010-жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Ошондуктан мен бул маселеге чекит коюу үчүн Орусияда атайын экспертиза дайындатып, менин жарандык алганымды же албагандыгымды текшерттим. Бирок жарандык алуу боюнча коюлган кол меники эмес экендиги далилденди. Ме эч качан Орусиянын жараны болгон эмесмин жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан эмесмин. Татарстандын Вахитовск сотуна да кайрылгам, сот бул ишти 14-июлда карайт", - деди Саматов.

Саматов депутаттык мандаттан ажыратуу маселесин сот чечиминен кийин кабыл алууну суранганы менен, БШКнын 12 мүчөсү анын депутаттыгын алып салууну бир добуштан колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан