Түркиянын Ван облусундагы Эржиш аймагындагы жардыруудан 15 аскер жарадар болуп, 2 аскер каза болду. Алардын бири кыргыз экенин SUPER.KG порталына Анкарадагы Кыргыз достук жана маданият коомунун өкүлчүлүгүнүн катчысы Адилет Абишов бүгүн, 10-июлда билдирди.
"Террорчулар унаага жардыруучу заттарды салып, аскердик базага чейин кирип жардырышкан. Жардыруудан 15 аскер жаракат алып, экөө каза болгон. Бири түрк болсо, бири кыргыз. Каза болгон кыргыз улутундагы аскер - Туранбег Гүрожак. Ал эртең, 11-июлда Улуу Памир айылында жерге берилет. Уулу да аскер экен, атасына топурак салууга бүгүн келиптир", - деди Абишов.
Жардыруу Күрд жумушчу партиясынын согушкерлери тарабынан уюштурулганы айтылууда.
Маалыматка ылайык, Ван облусунда 3000дей кыргыз жашайт. Алар Ош шаарынан Ооганстанга барып, жарымы ал жакта калып, жарымы Түркияга Рахманкул хан менен көчүп барышкан.