Азимжан Аскаровдун жактоочусу: "Биз эл аралык келишимдерди аткарышыбыз керек, болбосо ишенимсиз өнөктөш катары аталып калабыз"

Бүгүн, 11-июлда Жогорку Сотто 2010-жылдын Июнь окуясына күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши каралууда. Алгач жактоочулардын өтүнүчү менен Төлөйкан Исмаилова коомдук жактоочу катары соттук процесске катышууга мүмкүнчүлүк алды. Судья-баяндамачы каралып жаткан ишти тааныштырган соң, жактоочу Нурбек Токтакунов сот БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чыгарган чечимин таанып, аны аткарышы керек экенин баса белгиледи.

"Биз эл аралык келишимдерди аткарышыбыз керек, болбосо ишенимсиз өнөктөш катары аталып калабыз", - деди Токтакунов.

Соттук коллегия ордунан кеңешип, ишти саат 15:00гө жылдыруу чечимине келди.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Жогорку Сот болсо Азимжан Аскаров арыз жазса, жаңы жагдайлар боюнча иш кайра караларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
perichte
2016-07-11 14:00:25
Эми муну да аэропорттон кызыл килемче салып узатып койгула!!!
+17
Malik92
2016-07-11 14:01:13
Кандай ХХХ жактоочулар силер Кыргыздын, Кыргызстандын душманысыңар ошо Аскаровду жактагандар. Силерге акча болсо эле болду да.
+22
admin_portal
2016-07-11 14:27:20
Malik92, кимдир-бирөөнү кемсинткен билдирүү калтырууга тыюу салынат!
-12
bom.bon
2016-07-11 14:26:38
Эл душмандары акчаны кулдары болуп Аскаровду актагандан коро Мелис Мырзакмотовту актабайсынарбы жакшылаап карап.
+15
Bek-Laden.80
2016-07-11 14:29:52
Төлөйкан исмаилова деген нпо чу бар.Кыргызга күйбөй,Кыргыздарды тирүүлөй сойгон адамды актаганы жатат.Эгер акталып чыкса,нпо лордун кийинки кадамы гей парад өткөрүү
+17
KGstan1981
2016-07-11 14:56:57
Мына бул оздорунчо НПОшниктер акча грант у-н мамлекетти сатууга да даяр.
+17
samar82
2016-07-11 15:24:04
Аскаровду ишине чет олко киришип жатат Бийлик озу соз берген сузуно турат
+2
Mirkgz-1990
2016-07-11 15:55:20
Нпошниктер силер мынча Аскаровко жаныңар күйүп атат адам өлтүрүп күнөөсү мойнуна койулуп түрмөдө бекер тамак жеп биз багып атканына сүйүнүп отура бергиле да же Акшдан орто Азиядагы демакротиялуу өлкө деп 51 млн алып жатканда договор болгонбу чыгарабыз деген .. Кыргыздардын канча деген адамдары укугу корголбой Россия Казакстанда бей кунөө адамдар отурат ошолорго жаныңар ооруп жүгүрбөйсүңөр же алар үчүн Акш млндорду бербейби.. Аскаровту да жөн чыгарып жаткан жок ошто бирнерсенин башынан чыгат ал
+8
nurbek11
2016-07-11 16:09:32
Ушул жетим Толойкан менен Азизадан эч эле кутулбадык да.Кыргыз душманы болгон канкорго адвокат болгон Нурбек Токтанакунов азаматсын. Акча болсо кыргызды деле сатып жиберет экенсин да а жетииииииим.Наалат болсун силердей кыргыздын саткындарына наалат.
+14
ali1995
2016-07-11 16:29:57
Кыргыз мамлекетин коркутуп атабы эмне булар!аткарбаса ишеничтен чыгып каласынар деп!укук коргоочулар Аскаровтун эле эмес ошо каза болгон милициянын укугун да коргобойбу!!!акча бергендикинле коргобой
+10
admin_portal
2016-07-11 17:46:13
Elmar, провокацияга жол жок! 5 күн БАНга!
-4
nura.177
2016-07-11 18:53:25
Ушул укук коргооочуларды кошуналарга откоруп бериш керек экен уй булоолору мн ошол жерде ошолордун укугун коргоп журо беришсин кыргыздын душмандары
+2
Emir9201
2016-07-11 20:46:15
Мен тушунбоймда неге оштон чыккан [moderated] БУУ чейин жеткен бул адамды чиритиш керек абакта
+1
Medina87
2016-07-11 22:02:42
Кечирилгис куноо иштеген адам Азимжан Аскаровго сот окумун озгортпоосун гана тилейм1
+1
semo
2016-07-12 21:25:58
Мейли ишенимден чыксак аллахтын астында ак бойдон калабыз Азимжанды чыгара көрбөш керек ол чыкса дагы согуш болуп бей күнөө адамдарыбыз өлөт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан