Президенттик аппараттан билдиришкендей, иш сапардын алкагында 14-июлда Алмазбек Атамбаев менен Ангела Меркель жолугушуп, Кыргыз-Германия кызматташтыгын талкуулашат. Ошондой эле лидерлер эл аралык жана аймактык маселелер боюнча да пикир алышмакчы. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев менен Ангела Меркель биргеликте маалымат жыйын өткөрүшөт.
Андан сырткары Меркель Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушат.