Алмазбек Атамбаев: "Бишкекте чуу жараткан баннерлер өлкөнүн бардык аймактарына илиниши керек"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-июлда журналисттер менен жолугушууда Бишкектеги чуу жараткан баннерлер өлкөнүн бардык аймактарына илиниши керектигин айтты. Өлкө жетекчиси мындай баннерди илдирип жаткандарга акчалай колдоо көрсөтүү боюнча президенттик аппараттын башчысына тапшырма бергенин билдирди. Кыргыздарга бөтөн элдин маданияты таңууланып жатканын белгилеген президент: "Таңуулоого эч кимдин укугу жок, бүгүнкү күндө динге жамынып алып таңуулап жатышат. Кыргыздар илгертен "адал" деп айтып келген, кийин эле "халал" деген сөз тарады", - дейт.

Эскерте кетсек, жакында Бишкектин көчөлөрүнө "Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген аталышта кыргыздын элечек кийген айымдары менен паранжа жамынган аялдардын сүрөтү тартылган баннер илинип, коомдо кызуу талкууланууда.

Кыргыз жеринин кооздугу канцлер Ангела Меркелди суктандырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан