Сот Жыргалбек Саматовдун өтүнүчүн канааттандырган жок

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-депутат Жыргалбек Саматовдун БШКнын анын депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Саматовдун өкүлү Таалайкүл Токтакунова 15-июлда билдирди. Анын билдиришинче, сот БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапты.

"Сот биздин өтүнүчтү канааттандырган жок, БШКнын чечимин туура деп тапты. Саматов учурда Орусияда жүрөт, анткени Орусиянын жарандыгын албагандыгын аныктоо үчүн Татарстандын Вахитовск сотуна кайрылган. Сот иши 14-июлда каралмак, бирок жыйынтыгы боюнча маалыматым жок", - деди Токтакунова.

БШК 8-июлдагы жыйынында Саматовду кайрадан депутаттык мандатынан ажыраткан. Мындай чечимге "Саматов Орусиянын жараны" деген жүйө түрткү болгон. Саматов өзү Орусия жарандыгын албаганын айтууда.

Эскерте кетсек, Ж.Саматов 2015-жылдын декабрь айынын башында депутаттык мандат алып, Жогорку Кеңеште ант берер алдында БШК мандатты кайра кайтарып алган. Муну комиссия мүчөлөрү: "Орусиянын жараны эместиги тууралуу Саматовдун бизге алып келген каты жасалма болуп чыкты. Ушунун негизинде анын мандатын кайтарып алдык", - деп билдиришкен.

Биринчи Май райондук соту 2015-жылдын 24-декабрында Саматовду мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган. Башкача айтканда, райондук сот "Саматов Орусиянын жараны эмес" деп чечим чыгарган. Ошентип, ага кайрадан мандат берилип, депутат болгон. Бирок "Республика-Ата Журт" фракциясы аны фракциянын курамынан чыгарып салган. Ал Жогорку Кеңештин V чакырылышында да депутат болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан