Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда мындан 3 күн мурун сууга агып кеткен 17 жаштагы кызды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-июль күнү Кочкор районуна караштуу Сары-Булак айылында 17 жаштагы Жыргалбек кызы Жаркын Кара-Кужур суусуна агып кеткен. "Издөө иштери улантылууда, бирок натыйжасыз болуп жатат", - деп айтылат маалыматта.