Алматынын Алмалы районундагы ички иштер бөлүмүнүн жанынан белгисиз жаран автоматтан ок чыгарып, 1 полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жалпы 10 жолу ок атылганы угулган. Учурда тиешелүү мекемелердин кызматкерлери аталган аймакта жайгашкан кеңселерден кызматкерлерди көчөгө чыгарбай кармап жатканы маалым болду. Аталган аймак толугу менен курчоого алынып, кылмышка шектүүнү колго түшүрүү аракеттери көрүлүүдө.
"Алгач 3-4 жолу ок атылды, кийин алардын саны көбөйдү. Автомат көтөргөн белгисиз жаран алгач унаа токтотууга аракеттенди, бирок эч ким токтобой унааларын катуу айдап өтүп кетишти. Андан кийин ал жаран Карасай баатыр көчөсү менен Байтурсынов көчөсү тарапка чуркап өттү, анын артынан полиция кызматкерлери кубалап кетишти", - деп билдиришкен окуянын күбөлөрү.