Индонезиялык Арья Пермана аттуу 10 жаштагы өспүрүмдү диетага отургузушту. Эми ал күрөң күрүчтөн башка тамак жей албайт. Бул тууралуу "Daily Mail" басылмасы кабарлайт.
Салмагы 192 килограммды түзгөн өспүрүмдү басылма "дүйнөдөгү эң семиз бала" деп атаган.
Арья Пермана ушул убакка чейин 5 маал тамактанып келген. Анын табити эки чоң кишиникиндей экени айтылып, эки адамдын тамагын жей алган. Салмагы ашыкча болгондуктан ал көп кыймылдай албайт. Андыктан мектептеги окуусун таштоого туура келген. Маалыматтарга караганда, ал кыйналып дем алат жана бат эле чарчап калат.
Энесинин айтымында, уулунун ашыкча семиздиги аны өлүмгө алып келиши мүмкүн жана ушунчалык чоң болгондуктан эч бир кийим да туура келбейт. Ошон үчүн аны диетага отургузуу чечими кабыл алынган.