Балыкчы шаарында катуу жааган мөндүр аралаш жамгырдан улам 31 турак жайды жана 10 барак тибиндеги үйдү суу каптап, 1 аял каза тапты

Балыкчы шаарында катуу жааган мөндүр аралаш жаандан улам 31 турак жайды жана 10 барак тибиндеги үйдү суу каптап, 1 аял каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"18-июлда саат 17:00дөн 17:20га чейин катуу жааган мөндүр аралаш жаандын кесепетинен шаардын ички ирригациялык каналдарына суу толуп, шаардын ички көчөлөрүн жана 31 турак жайды, 10 барак тибиндеги үйдү сел каптаган. Темир жол көпүрөнүн астынан өткөн Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунда болжол менен 100-150 метр куб суу толуп калган, ошондой эле сел кирген 1 турак үйүнүн ээси А.Р. аттуу аял короосундагы сууну тазалап жатып эсин жоготуп каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык бөлүмүнүн, Тоң районунун бөлүмүнүн кызматкерлери жана ӨКМнын өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу окуя болгон жерге барышып, темир жолдогу көпүрөнүн астында 1 даана мотопомпа суу сордуруп жатат.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №19-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 8 куткаруучусу, Балыкчы шаарынын муниципалдык мекемеси тарабынан 1 экскаватор, 3 атайын суу соргуч унаа, 10 кызматкер, Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо ишканасынан 1 экскаватор, 2 атайын суу соргуч унаа, 10 кызматкер, Жашылдандыруу чарбасы тарабынан 1 экскаватор, 1 атайын суу соргуч унаа, 5 кызматкер, ӨКМнын Өрткө каршы кызматынан 1 атайын жеңил пикап жана 16 кызматкер менен биргеликте калыбына келтирүү иш-чаралары аткарылып жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Саби
2016-07-19 12:08:04
ооба ото катуу мондур жааптыр.Чондугу чай кашыктын жарымындай,кээлери чай кашыктай деп жатышат.
0
gugu2727
2016-07-19 17:27:09
Саби,койсоң чайнектей эмеспекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан