Өлкөдө 6 ай аралыгында жол кырсыгынан 796 жашы жете электер ар түрдүү жаракаттарды алып, 67си каза болгон

Өлкөдө 6 ай аралыгында жол кырсыгынан 796 жашы жете элек бала ар түрдүү жаракаттарды алып, 67 бала каза болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы 6 ай ичинде балдардын катышуусунда 578 кырсык катталса, быйылкы жылдын 6 ай аралыгында кырсыктардын саны 725ке жеткен. Былтыр 6 ай аралыгында 41 жашы жете элек бала каза болсо, үстүбүздөгү жылдын 6 ай аралыгында алардын саны 67ге өскөн. Ал эми жаракат алгандардын саны былтыр 652 болсо, быйыл 796га жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан