Алматыдагы атышууда жарадар болгон дагы бир полиция кызматкери каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бир нече ок тийген 1986-жылы туулган полициянын лейтенанты Тимур Бегасиловдун абалы оор болгон. "Дарыгерлер акырына чейин анын жашоосу үчүн күрөштү. Ал 19-июль күнү саат 13:45те оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болду", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, маркум атышуу болгон күнү Абылай хан кең көчөсүндө патрулдук экипаж менен бирге кызмат өтөп жаткан.
Эскерте кетсек, 18-июлда Алматы шаарында бир нече сааттык атышуу болуп, анда 5 адам каза тапкан, анын үчөө полиция кызматкери болгон. Өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев аталган окуяны террордук акт деп жарыялады. Өлкө башчы Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтып, аларга психологиялык жана материалдык жардам көргөзүлүшү керектигин баса белгилеген.