"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Мадумаров бүгүн, 20-июлда өткөргөн маалымат жыйынында айтты.
Маалымат жыйынга "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов, "Аалам" партиясынан Жылдызкан Жолдошова менен Арсланбек Малиев катышты. Алар шайлоодо добуш берүү системин өзгөртүүнү сунуштап чыгышты. Алардын айтымдарында, добуш берүүдө өзүн өзү эсептеген сканердик урналарды колдонуу жана талапкерлер эл алдына бирдей деңгээлде чыгуусу керек. "Бардык партиялар элдин алдына бирдей деңгээлде чыгышсын. Эл угуп, көрүп, өзү чечим кабыл алат", - деди Мадумаров.