Аламүдүн районунда колбаса чыгарган цех өрттөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10:00 чамасында Аламүдүн районунун Ленин айылындагы колбаса чыгарган цехтин чатыры өрттөнүп жатканы айтылган. Окуя болгон жерге 4 өрт өчүрүүчү унаа барып, өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, цехтин 600 чарчы метр чатыры күйгөн. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.