Айыл чарба министрлиги II жарым жылдыкта 300дөн ашык күнөскана курууну пландап жатат. Натыйжада тамчылатып сугаруу системи күч алат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев билдирди.
Министрдин айтымында, өлкө боюнча 200дөн ашык трактор банк аркылуу дыйкандарга лизингге берилет. Талаачылыктан өндүрүлгөн товарды сатууга көмөк көрсөтүү үчүн кайра иштетүүчү ишканалар жана ар бир облуста логистикалык борборлор ачылмакчы.
"Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасын аткаруу максатында ар бир облуста экиден заманбап касапкана ачууну ишке ашырабыз. Ал эми алдыда өсүмдүк жана мал чарба продукциясынын сапатын аныктаган эл аралык стандарттарга жооп бере турган атайын лабораторияларды курууну максат кылып, облустук, райондук бийлик органдары менен биргеликте
иш-аракеттерди жасайбыз", - деп кошумчалады министр.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын II жарым жылдыгында жаңы иштетилүүчү жерлерди өздөштүрүү үчүн Кадамжай районунун Бүргөндү ирригациялык курулмасы, Ак-Талаа районунун Ак-Сай дарыясына суу тосмо курулуп, Кадамжай районунун Кара-Кыштак каналы ишке кирмекчи.
Мындан сырткары өлкө боюнча 300дөн ашык жаңы күнөскана куруу министрликтин негизги милдеттеринин бири экени айтылды.