Жогорку Соттун соттук коллегиясы 21-июлда Жыргалбек Саматовду депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу жана негиздүү деп тапканын БШКнын маалымат кызматынан билдиришти. Сот Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.
Райондук сот 15-июлда Саматовдун БШКнын чыгарган чечимин жокко чыгаруу боюнча кайрылган өтүнүчүн карап, бирок канааттандырган эмес.
БШК 8-июлдагы жыйынында Саматовду кайрадан депутаттык мандатынан ажыраткан. Мындай чечимге "Саматов Орусиянын жараны" деген жүйө түрткү болгон. Саматов өзү Орусия жарандыгын албаганын айтууда.
Эскерте кетсек, Ж.Саматов 2015-жылдын декабрь айынын башында депутаттык мандат алып, Жогорку Кеңеште ант берер алдында БШК мандатты кайра кайтарып алган. Муну комиссия мүчөлөрү: "Орусиянын жараны эместиги тууралуу Саматовдун бизге алып келген каты жасалма болуп чыкты. Ушунун негизинде анын мандатын кайтарып алдык", - деп билдиришкен.
Биринчи Май райондук соту 2015-жылдын 24-декабрында Саматовду мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган. Башкача айтканда, райондук сот "Саматов Орусиянын жараны эмес" деп чечим чыгарган. Ошентип, ага кайрадан мандат берилип, депутат болгон. Бирок "Республика-Ата Журт" фракциясы аны фракциянын курамынан чыгарып салган. Ал Жогорку Кеңештин V чакырылышында да депутат болгон.