Автомобилдик жана сууда сүзүү транспорту мамлекеттик агенттигинин директору Деңиз Сулайманов айдоочулардын укугун тебелеп жатканын айтып, айдоочулар маалымат жыйын өткөрүштү. Өкмөттүн бардык бийлик бутактарына кайрылып, маселе чечилбей жатканын айткан айдоочулар мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунга кайрылышкан.
"Биздин укугубуз тебеленип жатат. Өкмөт бизди карабай койду" деп агенттиктин айдоочулары мага кайрылышты. Чындыгында эле айдоочулардын абалы оор экен. Өкмөт аларды карабай коюптур. Мен айдоочулардын арыз-муңун угуп, укугу тебеленип жатканына абдан кейидим", - деп билдирди укук коргоочу Турсунбек Акун.
Айдоочу Абдыкасым Жолдошов: "Агенттиктин азыркы директору Сулайманов 9 адамды мыйзамсыз жумуштан алды. Арасында бир үй-бүлөдөн эки адам жумуштан алынгандары бар. Алардын балдарынын ырыскысын кыйып салды", - дейт ал.
"Деңиз Сулайманов мени жумуштан негизсиз алды. Мени жумуштан алганына каршы болгонума карабай мага ишеним көргөзбөй жумуштан алды. Ал эми жолдошум ооруканада жатканда иштен кетирди. Мунун баары мыйзамга туура келбейт болчу. Бир жылдан бери аталган агенттикте акыйкатсыз иштер жүрүп жатат", - деп билдирди Жумагүл Сайбекова.
"Айдоочулар арасында насыя алгандар бар болчу. Эми алар насыяны төлөй албай кыйналып жатышат. Транспорт жана жол министрлиги эмне жумуш кылып жатат? Бир өтүкчүнүн төрт жетекчиси бар дегендей болуп жатат. Чар тараптын баары акыйкатсыздык. Эгерде өкмөт маселени чечпесе, анда 25-июлда "айдоочуларга 100 жүк ташуучу унаа алып берсин, Деңиз Сулайманов кызматтан кетсин" деген талаптар менен Ак үйдүн алдына митингге чыгабыз", - дейт айдоочу Бакыт Садыбакасов.