Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкуловдун кызматтан кетиши коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Анын кызматтан кетишин “кол чатыр” окуясына байлагандар, жеке ишмердүүлүгү менен байланыштыргандар да бар.
Коопсуздук боюнча серепчи Токтогул Какчекеев “Нурлан Сулайманкуловдун кызматтан кетишине айрым партия жетекчилеринин чечими себеп болушу мүмкүн” деген пикирин бүгүн, 22-июлда SUPER.KG порталына билдирди. “Анын ишинде кемчиликтер, мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн. Мындай учурда “өз ыктыяры менен кетти” деген түшүндүрмө чара көргөндүк болуп эсептелет. Менин оюмча, бул ишти айрым партия жетекчилери чечкен. Ошондуктан Сулайманкулов өз ыктыяры менен кызматын тапшырууну туура көрдү”, - дейт Какчекеев.
Белгилей кетсек, аталган прокурор бирөөгө кол чатыр көтөртүп алган окуясы менен көпчүлүккө таанымал.