Ошто милиция кызматкери качып бараткан кылмышкердин бычагынан жаракат алды

Ош шаарында Жол-патрулдук милициясынын кызматкери кылмышкерди кармоо учурунда жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн эртең менен болгон. Анда Кара-Суу районунан Тико үлгүсүндөгү унааны айдап качып келе жаткан кылмышкер Ош шаарында токтотулган. Аны кармоо учурунда бир милиция кызматкерин бычак менен сайып жибергенге жетишкен. Учурда милиция кызматкери ооруканада, абалы канааттандырарлык. Ага бычак сайган адам сурак берүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан