Узундугу 65 метр, туурасы 10 метр келген "Алыкул" деген аталыштагы кеменин тетиктери толугу менен жаңыланууда. Союз ыдыраган соң кароосуз калып, эми "кайра жаралган" кеме август айында Ысык-Көлдүн үстүндө сапарга чыкмакчы.
SUPER.KG порталына Мирлан Алымбаев айтып бергендей, бул кезинде толук куралып, бирок ичи бүтпөй калган. "Биз кеменин ичи-тышын кылдаттык менен карап чыгып, эң биринчи коопсуздук чараларын эске алдык. 2 кабаттуу кеменин 1-кабатында ресторан, 2-кабатында эс алуучу жай болот", - дейт ал.
Мындай ири көлөмдөгү кеме 500 киши батыра аларын жана Кыргыз жеринде жок экенин айтып берди
М.Алымбаев. Андыктан өлкөбүздөгү эң ири кемени "Ысык-Көлдүн Титаниги" деп атасак болчудай.