Германиянын Ансбах шаарындагы жардыруудан 12 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Алардын маалыматына караганда, окуя 24-июль күнү саат 22:00 чамасында аталган шаардагы ресторандардын биринин жанында болгон. Анда 27 жаштагы сириялык жаран өзүн жардырып жиберген. Анын кесепетинен жан кечти каза таап, 12 адам жабыркаган.
Жергиликтүү полициянын билдирүүсүндө сириялык качкындын Германияга келгенине 2 жыл болгону жана буга чейин эки ирет өзүн өлтүрүүгө аракет кылганы айтылат.
Азырынча жардыруунун максаты жана сириялык качкындын кандайдыр бир террордук топтор менен болгон байланышы тактала элек. Жардыруу болгон жер музыкалык фестиваль өтүп жаткан жайга жакын болгондуктан, ал жактагы эки миңге жакын адам сыртка чыгарылган.
Айта кетсек, 22-июль күнү да Мюнхен шаарындагы соода борборлорунун биринде 18 жаштагы жигит ок атуучу куралдан ок чыгарган. Анын кесепетинен 9 адам каза таап, 30га жакын адам жабыркаган. Азырынча ок чыгаруунун так себептери аныктала элек.