Бактыбек Аширов (сүрөттө) өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башчылыгынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун бүгүн, 25-июлда өкмөттөн билдиришти. Премьердин башка буйругу менен аталган кызматтын жетекчилигине Айбек Кадыралиев дайындалды.
Эскерте кетсек, өлкөдө укук коргоо органдары реформаланганы жатат. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 12-июлда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системин реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" жана "Азыркы шарттарда республикада миграциялык процесстерди жөнгө салуу жөнүндө" чечимдерине кол койгон. Реформалар 2016-жылдын соңуна чейин жасалары күтүлүүдө.
Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров жакында "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде "мындай реформа кыргыз тарыхында биринчи жолу болуп жатат" деп билдирген.