Өмүрбек Текебаевдин Бишкектин тарыхый борборун реконструкциялоо боюнча демилгеси артка кайтарылды

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев айрым депутаттар менен биргеликте Бишкектин тарыхый борборун реконструкциялоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Демилге коомдук талкууда турган. Бүгүн, 26-июлда "Ата Мекен" партиясы демилге артка кайтарылып алынганын билдирди. Буга жарандык активисттердин мыйзам долбооруна каршы чыгышкандыгы себеп болгон.

"Кийинки муундун саясатчылары Бишкек шаарын башкы планга ылайык реконструкциялоо үчүн күч жана ресурстарды, ошондой эле абдан маанилүү болгон бир түшүнүк табат деп үмүттөнөм", - деп айтылат Текебаевдин билдирүүсүндө.

Мыйзам долбоорунун максаты Бишкектин Карпинский, Линейная, Жибек-Жолу көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген аймагында 1996-жылга чейин курулган курулуштарды мэриянын балансына алып коюп, ээсине компенсация төлөп берүү болчу. Демилгечилер үй ээси кааласа жер же мурдагы үйүнүн аянтынан чоң көлөмдөгү үй ала тургандыгын айтышкан.

"90-жылдары акча тартыш кезде аз кабаттуу имараттар курулуп калган. Жарандардын эски үйүн мамлекет өзүнө ала турган болсо, компенсация төлөйт. Жаңы курула турган имараттан үй сунуштайт, мурунку батиринен чоң көлөмдө батир алат. Жер алам десе башка аймактан мурунку аянтынан кем эмес жер алат. Мүлктү мамлекет базар баасында алат. Үй тургузулганча шаарда батирде туруп туруусу үчүн акча бөлүп бериш керек. Биз маселени мэрияга, өкмөткө киргизебиз. Парламенттин кароосуна кирбей калышы да мүмкүн", - деп айткан Текебаев.

Аталган демилгеге айрым активисттер каршы чыгып, Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча кол чогултуп жүрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан