Орусиянын Москва шаарына жолдошу менен бирге барып, соода борборлорунун биринде пол жууп иштеген 23 жаштагы Тазагүл аттуу келин полиция кызматкерлеринен кордук көргөнүн 27-июлда SUPER.KG'ге айтып берди. Жадакалса сөйкө жана нике шакегин да чечип кетишкен. Тазагүлдүн айтымында, тиешелүү документтеринин баары өз ордунда болгонуна карабай "депортация кылабыз" деп коркутушкан."Баткендин Кадамжай районундагы Охна айылынан болом. Жолдошум экөөбүз айылда жумуш жоктугунан улам Москвага иштегени келгенбиз. 26-июль күнү 13:00 чамасында 3 полиция кызматкери мени кармап алып, документтерди сурашты. Паспорт, каттоо, миграциялык келишимди көрсөтсөм да мени машинага салып шаар сыртына алып барышты. Болбогон суроолорду беришкенинен жооп бербей койсом 6 жолу бетке чабышып, "депортация кылабыз" деп коркутушту. Бири "сүйлө" деп кыйкырып, андан кийин жолдошумдан белекке алган 7500 сомдук сөйкөмдү, нике шакегимди чечип алды. "Алтын чынжырың барбы, аны да бер" дешти. "Алтын чынжырым жок" десем, "анда бул алгандарыбызды эч кимге айтпа, айтсаң өмүрүңдү абакта өткөрөсүң" деп таштап кетип калышты", - деди токмок жеген Тазагүл.
Ал жалынганына карабай ушундай ишке барган полиция кызматкерлерине чара колдонуу жана өзүнө укуктук жактан жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынан жардам суроодо.