УКМКнын сайтына кимдер тарабынан чабуул болгону аныктала элек. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда SUPER.KG порталына УКМКдан билдиришти.
"Чабуул ким тарабынан жасалгандыгы аныктала элек. Сайт кечээ биз тараптан атайын жабылган бойдон турат. Учурда иликтөө иштери улантылууда", - деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, кечээ саат 17:00дөн өтүп УКМКнын расмий сайтына хакерлер тарабынан чабуул болду. Сайтты ачкан учурда "Күрд хакерлери" деген жазуу чыгып, анда адамдардын бийлеп жаткан видеосу да пайда болгон.